Site icon Reporter.kg

Чолпон-Атада беш президенттин жолугушуусу башталды — сүрөт

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 21-июлда, Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлунун астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ар бири – Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен учурашты.

Учурашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү каадасы аяктагандан кийин мамлекет башчылары Консультативдик жолугушуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

Exit mobile version