Чолпон-Атада депутат салык кызматкерин коркуткан
Чолпон-Ата шаарынын 36 жаштагы депутаты Т.С. кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Ал массалык башаламандыкка чакырууга шектелүүдө. Милициянын маалыматында, 22-май күнү Т.С. салык кызматкерин күч колдонорун жана массалык башаламандык уюштурарын айтып коркуткан. Анын видеого тартылган бул аракетине лингвистикалык экспертиза жасалды. Ички иштер башкармалыгы шаардык кеңештин депутаты Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү экенин белгилейт.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт