Site icon Reporter.kg

Чолпон-Атада “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы өттү — сүрөт

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Рух-Ордо» маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү сезону өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүнө министр Азамат Жаманкулов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Аталаган фестивалга 20га чукул мамлекеттин атактуу дизайнерлери, кол өнөрчүлөрү, мода индустриясынын адистери катышып, долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынды.

Exit mobile version