Site icon Reporter.kg

Видео: Чолпон-Атада кар тазалаган кызматкерлерге ысык чай уюштурулду

Чолпон-Ата шаарында тартип сакчылары коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине ысык чай уюштурушту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү жана балдар иштери боюнча инспекторлору катуу суукка карабай, Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн чыгып жаткан коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирүүнү чечишти.

«Ушундай катуу суукта, чын жүрөктөн сунулган ысык чай менен таттуулар иш процессине өзгөчө күч-кубатты берет. Ошондуктан, коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине таттуу кошулган ысык чайды ыраазычылык иретинде таратууну чечтик. Анткени, ушул суук күндөрү сыртта иштөө канчалык кыйын экендигин биз өзүбүз жакшы билебиз», — деп белгилешти милиционерлер.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version