Бүгүн, 13-мартта Нооруз майрамына карата Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Биринчи лиганын оюндары башталды. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көк бөрү боюнча мелдеш саат 10:00дө башталган. Ал эми Жогорку лиганын жана Биринчи лиганын финалдык беттештери 21-мартта өтөт.
Былтыр Нооруз майрамына карата ат оюндары коронавирус пандемиясынан улам өткөрүлгөн эмес.