Site icon Reporter.kg

Чолпон-Атада өткөн марафондо кимдер жеңүүчү болду? Тизме

ШКУнун Ысык-Көл марафонунун Run the Silk road – Шанхай кызматташтык уюмунда жеңүүчүсү Өзбекстандан келген Шохрух Давлатов жөө күлүк болду.

Мелдеш Чолпон-Ата шаарында өттү. Марафондун катышуучулары үчүн төрт дистанция каралган: 42, 21, 10 жана 3 чакырым.

Өзбекстандык спортчу Шохрух Давлатов эркектер арасында 42 чакырым аралыкты 2 саат 28 мүнөт 1 секундда биринчи болуп келди.

Экинчи орунду кыргызстандык Илья Тяпкин, үчүнчүнү Бердигул Айтбай уулу ээледи.

Кыз-келиндер арасында жалпы эсепте Екатерина Тунгускова биринчи, Галина Якушева экинчи, Юлия Фернас үчүнчү орунду ээледи.

Эл аралык марафондун байге фонду 1 миллион 534 миң сомду түзөт. 42 жана 21 километр аралыктагы жеңүүчүлөр аларды алышат.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эл аралык Run the Silk Road марафону аяктады. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн үч миңге жакын ышкыбоздор жана профессионал спортчулар катышты.

Exit mobile version