3-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эл аралык “Run the Silk Road” марафону өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Марафонго ШКУга мүчө мамлекеттерден келген спортчулар, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана бардык каалоочулар катышат.
Марафондо 42, 21, 10, 3 чакырым аралыкта чуркоо жана скандинавиялык басуу жарыштары өтөт.
Марафонго катышуу үчүн runthesilkroad.com шилтемесине кирип катталуу керек.