Чолпон-Атада түнкү барлар жана кальян-барлар жабылат

Чолпон-Атада түнкү барлар жана кальян-барлар жабылат

Коронавирустун жайылышын азайтуу максатында Чолпон-Атада түнкү барлар жана кальян-барлар жабылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев президенти Сооронбай Жээнбековдун облус аймагына болгон иш сараы учурунда айткан

Облус жетекчисинин айтымында, буга чейин пансионат ээлерине коопсуздуктун алгоритмин сактоо өтүнүчү менен кайрылган. Талаптарды сактабаган пансионаттар жабылат.

“Бүгүнкү күндө медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жиберишти. Өкмөт учурдагы маселелерди чечүүгө ар тараптан жардам берип жатат, бизге ошондой эле ыктыярчылар менен меценаттар көмөк көрсөтүшүүдө”, — деп маалымдаган Балбак Түлөбаев.

Президент жергиликтүү бийликти Чолпон-Ата шаарында вирустун мындан ары жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырган.

Белгилей кетек, жайкы туристтик сезондун ачылышы менен аймакта коронавирус менен ооругандардын саны да кескин көбөйгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>