Site icon Reporter.kg

Чолпон-Атада ЖККУнун ТИМ кеңешинин жыйыны аяктады

Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өз ишин аяктады.
Иш-чаранын алкагында бир нече маанилүү документтерге кол коюлду.

Билдирүүлөрдүн арасында терроризмге жана экстремизмге алып келе турган радикалдашууга каршы аракеттер, эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери камтылган.

Мындан тышкары, БУУнун Борбордук Азия жана Афганистан боюнча туруктуу өнүгүү максаттарына арналган аймактык борбору тууралуу билдирүү жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланышкан документ да кабыл алынды.

 

Exit mobile version