Чолпон-Атадагы 70 орундуу оорукананын оңдоп-түзөө иштери 80% аткарылып бүттү

Чолпон-Атадагы 70 орундуу оорукананын оңдоп-түзөө иштери 80% аткарылып бүттү

Чолпон-Ата ​ шаарындагы 70 орундуу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлмөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери 80% аткарылып жана толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун маалымат кызматынан билдиришти.

Имараттын демонтаждоо иштери 100% аткарылып, эски эшик-терезе, инженердик түтүктөрү ажыратылып жана дубалдардын шыбактары түшүрүлгөн.

Бүкүнкү күнгө жасалгалоо жумуштары боюнча чатырдын кайрадан 80% жабылып бүтүп жана ички жасалгалоо жумуштары 100% түзөт. Ошондой эле ​ электромонтаж 85%, сантехникалык жумуштар 50% жаңы терезелер орнотулуп, сырткы шыбак жана имараттын маңдайын жасалгалоо жумуштары 95% бүттү.

Учурда канализация жана суу түтүктөрүн орнотууга траншея казылып бүттү.

Жумушчулардын саны 32 адам.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>