Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлмөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери 80% аткарылып жана толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун маалымат кызматынан билдиришти.
Имараттын демонтаждоо иштери 100% аткарылып, эски эшик-терезе, инженердик түтүктөрү ажыратылып жана дубалдардын шыбактары түшүрүлгөн.
Бүкүнкү күнгө жасалгалоо жумуштары боюнча чатырдын кайрадан 80% жабылып бүтүп жана ички жасалгалоо жумуштары 100% түзөт. Ошондой эле электромонтаж 85%, сантехникалык жумуштар 50% жаңы терезелер орнотулуп, сырткы шыбак жана имараттын маңдайын жасалгалоо жумуштары 95% бүттү.
Учурда канализация жана суу түтүктөрүн орнотууга траншея казылып бүттү.
Жумушчулардын саны 32 адам.