Site icon Reporter.kg

Чолпон-Атадагы кырсыктан кийин эс алуучу жайлар текшерилди

Ысык-Көл облусунда эки адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин атайын жумушчу топ эс алуучу жайларды текшерип чыгышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлайт.

Маалыматка ылайык,  229 курорттук-ден соолукту чыңдоо жайы, 1096 жеке сектор,29 суу транспорту жана беш суу аттракционду текшерилген.

«Жыйынтыгында эреже бузуу боюнча 25 факты аныкталып, материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылды», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин, Чолпон-Атада моторлуу кайыктын айдоочусу (скутер) үч адамды коюп кетип, экөө каза болгону маалымдалган. Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан жарандардын коопсуздугун  камсыздоону күчөтүүнү тапшырган. 
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version