Site icon Reporter.kg

Чолпон-Атадагы “Ак-Марал” пансионаты толугу менен күйүп кетти

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бает айылындагы “Ак-Марал” эс алуу борбору толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу жалпы аянты 240 чарчы метр болгон коттедж толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Exit mobile version