Site icon Reporter.kg

Чолпон-Атадагы ат майдандын жанындагы 11,7 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү ат майдандын жанындагы 11,7 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жер Чолпон-Атадагы ат майдандын түштүк тарабында, көл жээгинде жайгашкан. Ал буга чейин мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган. Текшерүүнү жыйынтыгы менен жер мамлекетке кайтарылган. Анын баасы 392 млн 652 миң сомго жетет.

 

Exit mobile version