Чолпоп-Атада эки адам каза болгон кырсыктан кийин скутердин айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, айдоочуга «этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен иш козголгон.
«Айдоочу 16 жашта. Кара-Ой айылынын тургуну. Ал убактылуу кармоочу жайына, соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакта болот», — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин, Чолпон-Атада моторлуу кайыктын айдоочусу (скутер) үч адамды коюп кетип, экөө каза болгону маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз