Чолпон-Атадагы шайлоо участкаларынын биринде бир нече киши өздөрүн тизмеден тапкан жок

Чолпон-Атадагы шайлоо участкаларынын биринде бир нече киши өздөрүн тизмеден тапкан жок

Чолпон-Ата шаарындагы No3028 шайлоо участкасында шайлоочулардын кээ бирлери өздөрүн тизмеден таба албай жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’нин Ысык-Көл облусундагы кабарчысы жеринен билдирди.

Комиссиянын төрагасы шайлоочу чындыгында өзүн тизмеден таппаганын тастыктап, бирок так себебин түшүндүргөн жок.

«Сыртта илинген тизмеде алардын аты-жөнү турат, бирок базадан чыкпай жатат. Натыйжада өзүн тизмеден таппаган шайлоочулар добуш бере алышкан жок», — деп билдирди кабарчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>