Site icon Reporter.kg

Чолпон Султанбекова ЖК комитетинин төрайымы болуп шайланды

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жетекчиси болуп депутат Чолпон Султанбекова шайланды.

Ал жалгыз талапкер болгон.

Анын талапкерлигине 81 депутат макул, 2 депутат каршы добуш берди.

Буга чейин комитетти Медербек Алиев жетектеп келген, ал 30-ноябрда кызматынан кеткен.

Кемпир-Абад. Депутат Медер Алиев комитеттин төрагалыгынан кетти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version