Site icon Reporter.kg

Чоң-Алайда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 08:05те Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кулчу, Жар-Башы, Чак, Жар-Тилек айылдарында -3 балл, Шибээ айылында -2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version