Site icon Reporter.kg

Чоң-Алайда райондук милициянын имараты курулууда

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Жоробеков, 19-январь күнү, Чоң-Алай жана Алай райондук ички иштер бѳлүмдѳрүнүн ѳздүк курамы менен жолукту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Чоң-Алай райондук ички иштер бѳлүмү Ош шаарынан 290 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган бѳлүмдүн ѳздүк курамы башкармалыктын башчысын сапка тизилип салтанаттуу тосуп алды.

Жеңишбек Жоробеков ѳздүк курам менен саламдашып, ал-акыбалын сурап, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн түзүлгѳн шарттар менен таанышты. Ѳзү менен кошо ала келген кызматтык кышкы кийимдерди тапшырды.

«Жеңишбек Жоробеков шарты катаал жана чек ара аймагында коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздашып жаткан мындагы кызматкерлерге ар тараптуу шарттарды түзүү боюнча аракеттер токтобостугун белгиледи. Өздүк курамдын жеке суроолоруна жооп берди. Ошондой эле  калктын коопсуздугу үчүн күн-түн дебей ѳтѳп жаткан кызматы үчүн ыраазычылык билдирди. Өздүк курамды  кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ, коопсуздукту камсыз кылууда мыйзамдуулукту сактоого,  мамлекет башчысынын жарлыктарынын, министрликтин буйруктарынын  талаптарын так аткарууга чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Иш сапар учурунда ал Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын жетекчилиги, жергиликтүү жашоочулардын ѳкүлдѳрү жана ардагерлер менен жолугушкан.

Ошондой эле Чоң-Алай РИИБнин жаңы курулуп жаткан имаратынын курулушу менен таанышты. Мурдагы имарат 1968-жылы ашар жолу менен курулган. Эскилиги жетип пайдаланууга жараксыз абалга келип калгандыктан, Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланып, 2022-жылдын август айында жаңы имараттын курулушу башталган. Учурда пайдубалы бүткѳрүлгѳн. Аба ырайы суук болгондуктан курулуш убактылуу токтоп турат. Күн жылыса, дубалын кѳтѳрүү жумуштары башталмакчы.

Андан ары Жеңишбек Жоробековдун кызматтык иш сапары Алай районунун Сары-Таш айылдык милиция бѳлүмчѳсүндѳ уланды. Жеңишбек Жоробеков бѳлүмчѳнүн ѳздүк курамы менен жакындан таанышып, кызматтык имаратты кѳрүп чыкты.  Аталган бѳлүмчѳ түзүлгѳн күндѳн баштап кызматтык имаратка жетпей келген. Бул мезгилге чейин Сары-Таш айылында жайгашкан «Ош — Сарыташ — Эркечтам автожолунун башкармалыгы» мекемесине караштуу имаратта ижарада турушат.

«Ошондуктан жеңил конструкция менен 6 бѳлмѳлүү жаңы имараттын курулушу башталган. Жеңишбек Жоробеков имарат контейнерден курулуп жаткандыктан имаратты  жылуулук кармоо үчүн керектүү курулуш материалдарын колдонууну сунуштады жана максаттарды ишке ашыруу боюнча ѳз салымын кошорун убадалап кетти. Бул айылда кыш узакка созулгандыктан жана суук-38 градуска жеткендиктен имараттын дубалы сапаттуу болуусу шарт. Жергиликтүү бийлик да колдоо көрсөтүп жаткандыгы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Жеңишбек Жоробеков Сопу-Коргон айылдык милиция бѳлүмчѳсүнө барып, ѳздүк курамы менен жолугушту. Мындагы ѳздүк курам үчүн түзүлгѳн шарттар менен таанышты.

«Мында эки жыл мурда жаңы имарат курулуп, жылуулук үчүн заманбап жабдуулар коюлган жана кызматтык зарылчылыкка керектүү эмеректер менен камсыздалган. Аталган бѳлүмчѳгѳ Сопу-Корон айыл ѳкмѳтү тарабынан ар тараптуу колдоо кѳрсѳтүлүп келет. Айыл ѳкмѳттүн имаратында укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбор түзүлүп, имараты оңдоп-түзѳѳдѳн ѳткѳрүлүп жатыптыр. Бул борбордо Аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитеттери укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук мене күѳшүүдѳ калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдѳ милиция кызматкерлери менен тыгыз иш алып барышат», — деп билдиришти облустук милициядан.

Облустук ИИБнин начальнигинин  2023-жылдын 19-январь күнкү кызматтык иш сапары Алай райондук ички иштер бѳлүмүнүн кызматкерлери жана Гүлчѳ, Жошоолу айыл аймак башчылары, ардагерлер менен жолугушуу менен аяктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version