Чон-Алайда жол сүргөн унаа ала салып, айдоочусу көз жумду

Чон-Алайда жол сүргөн унаа ала салып, айдоочусу көз жумду

Жол сүргөн унаа ала салып, айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 25-декабрь күнү саат 03:30дар чамасында Чон-Алай районунда болгон.  Анда Чон-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон-Жаш-Тилек ички чарбалык унаа жолунун 12-чакырымында Жүктөгүч (погрузчик) унаанын 54 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай, унаадан секирип түшүп, каза болгон.

Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары тартылып, жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>