Site icon Reporter.kg

Ноокенде балдар 3 чакырым алыстыктагы мектепке барып окушат

Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу 220 кожолуу Бөбүй айылында мектеп жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев билдирди.

Анын айтымында, жакынкы мектеп кошуна айылда, 3 чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Балдар күнүнө 3 чакырым басып мектепке барат. Айыл өзү чек арада жайгашкан, шарты оор. Ата-энелер өздөрү жеткирип, бирөөнү жалдаганга аракет кылышат, бирок баарында эле андай мүмкүнчүлүк жок. Ал айылда мектепке барып келиш — чоң азап. Мына кыш келди, эми балдардын коопсуздук маселеси дагы жаралат», — деди депутат.

Эл өкүлү Бөбүйгө мектеп куруп берүүнү өтүндү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version