Site icon Reporter.kg

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы киши изделүүдө

Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы киши изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 29-июнь күнү Орозбеков көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1963-жылы туулган Ш.Р. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 30-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө жалпы 8 куткаруучу тартылган. Кечээ кеч кирип кеткенине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 1-июль күнү улантылат.

Exit mobile version