Site icon Reporter.kg

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө

Чүй районунда каналга түшүп кеткен 16 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-июль күнү Шамшы айылында Чоң Чүй каналына  2006-жылы туулган А.Ч. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Издөө иштери 22-июль күнү улантылат.

Exit mobile version