Site icon Reporter.kg

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаа чыгарылды — сүрөт

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жеңил унаа чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-августта саат 02:18 чамасында Свердлов районунун Осмонкул көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде “Toyota Ipsum” үлгүсүндөгү жеңил унаа каналга түшүп кеткен.

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, суучулдар атайын жабдууларды колдонуп жана техниканын жардамы менен унааны чыгарып беришкен. Жабыркагандар жок.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version