Ысык-Ата районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар баланын ата-энеси президентке кайрылды.
Алар Батыш Чоң Чүй каналындагы сууну токтотуп турууну суранат.
“Балабызды бир аптадан бери издеп жатабыз. Анын сөөгүн таап алуу үчүн каналдын суусун токтотуп турсаңыздар”, — дейт баланын атасы.
Эскерте кетсек, Амир 19-август күнү жоголгон. Ал көчөдө балдар менен ойноп жатып эле көрүнбөй калган. Бир аптадан бери Амирди каналдан издөө иштери жүрүп жатат.