Site icon Reporter.kg

Чоң энесин карабаганы үчүн агасы карындашын сабап салды. Чоо-жайы  

Rural Kyrgyzstan, suburbs of Bishkek. Credit: Sveta Zelenskaya // Kloop.kg

Ушул жылдын июнь айында Сузак райондук соту өспүрүм кыздын денесине жеңил залал келтирген деп айыпталган анын тууганы — 48 жаштагы Н.С.га карата кылмыш ишинин токтотулушун мыйзамсыз жана негизсиз деп тапкан. Сот тергөөчүнү кетирилген мыйзам бузууларды четтетүүгө милдеттендирген. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Акыйкат” укук коргоо уюмунун юристтери билдиришти.

Алардын айтымында, Сузак РИИБдин тергөө бөлүмү соттун токтомуна көңүл бурбай, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча эч кандай чара көрө элек. Жаңы мыйзамга ылайык, майда кылмыштар боюнча тергөө бир айдын ичинде бүтүшү керек.

«Бирок, бир жарым ай өттү, иш сотко жетпей эле, жабырлануучу дагы, анын жактоочусу дагы бул тууралуу эч нерсе билбейт. Сузак РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы адвокаттын иш боюнча кандайдыр бир маалымат берүү өтүнүчүнө көңүл бурбай жатат. Бул Сузак РИИБ тарабынан жашы жете элек баланын укугун одоно бузуу болуп саналат», — деди жактоочу Элдор Бакиров.

Анын айтымында, 16 жаштагы жабырлануучу кыз соттолуучу анын агасы экенин, былтыр ноябрда алардын үйүнө келип, тосмодон ашып түшүп, катуу сабап салганын айткан. Буга өспүрүм кыздын чоң энесин жакшы карабаганы себеп болгон.

Сузак РИИБге жашы жете элек кызды ур-токмокко алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясында) каралган «Бейбаштык» беренеси менен ЭППКга катталган. Бул окуя 2021-жылдын 14-ноябрында аймактык ооруканадан катталган.

Алган жаракаттарынан кийин ал ооруканага жаткырылып, ага операция жасалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын муруну жылып, мээси чайкалганы аныкталган. Өспүрүм баш ооруга, баш жана жүрөк айланууга, алсыздыкка арызданган. Ал нейрохирургия бөлүмүндө эки жума дарыланып чыккан.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча ден соолукка келтирилген зыяндын оордугу ден соолугунун кыска мөөнөткө начарлашына алып келген жеңил жаракат катары бааланат.

Бирок, тергөөчү иш боюнча бар болгон медициналык экспертизанын корутундусуна көңүл бурбай, ошол учурда күчүн жоготкон Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренесин кайра классификациялаган.

Адвокаттын айтымында, тергөөчү 136-берененин «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренесин колдонушу керек болчу. Укук коргоочулар тергөөчүнү шалаакылык үчүн айыптап, соттун чечимин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version