Бишкек шаарынын мэриясы таштанды, куураган чөп жана жалбырактарды өрттөөгө болбой тургандыгын, болбосо айып пул салынарын эскертет.
Мэриядан белгилешкендей, таштанды, чөп өрттөгөндөргө Укук бузуулар кодексинин 253-беренеси боюнча 5,5 миң сом айып пул салынат. Эгер ал нерсе кайталанса 7,5 миң сом айыпка жыгылат.