Site icon Reporter.kg

Чөп үстүндөгү хоккей: Өлкө курамасы Борбор Азия чемпионатына катышууда

Кыргызстандын чөп үстүндөгү хоккей боюнча курамасы Борбор Азия чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Курама өз тарыхында алгач ирет Борбор Азия чемпионатына катышып жатат. Ал Өзбекстандын Анжиян шаарында өтүүдө. Мелдештин алкагында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан күч сынашууда.

Белгилей кетсек, чөп үстүндөгү хоккей боюнча курама 2022-жылы түзүлгөн. 2023-жылы биринчи жолу өлкө чемпионаты өткөн.

Кыргызстандын чөп үстүндөгү хоккей боюнча курамасы

Exit mobile version