Чу дарыясына түшүп кеткен жаранды издөө иштерин улантуу максатында бүгүн, 20-апрель күнү жерине Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4 куткаруучу, Аламүдүн районунан 5 куткаруучу, Ысык-Ата районунан 4 куткаруучу жана 1 дрон тартылды.
Кошумча ИИМден 35 милиция, УКМКнын чек ара кызматынан 7 кызматкер, туугандарынан 15 адам чыкты. Жалпы 70 адам, 1 дрон, 2 кинолог тартылган.
Белгилей кетсек, 15-апрелде Аламүдүн районунун Васильевка айылында Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына келип түшкөн. Издөө иши тынымсыз уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз