Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча бүгүн, 13-август күнү, жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Ошондой эле түндө да катуу шамал болуп нөшөрлөп жамгыр жаашы мүмкүн.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.