Site icon Reporter.kg

Чукул билдирүү! Айрым ашууларда кар көчкү түшөт

Snow avalanche

Өлкө синоптиктеринин божомолунда 2-февралдан 6-февралына чейин жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113 чакырымдарында жайгашкан Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Эгер, сиз алыскы жолго чыгууну, тоолордо эс алууну пландасаңыз, зарылчылыгы болбосо, башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз. Сиздин жана жакындарыңыздын өмүрү коопсуз болсун!”- деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version