Site icon Reporter.kg

Чукул билдирүү: Кыргызстан боюнча туруксуз аба-ырайы күтүлөт

16-20-март күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 16-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, 18-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда абдан катуу жаашы күтүлөт.

18-19-марттарда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

16-марттан 18-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101, 108-113 чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

 

Exit mobile version