Site icon Reporter.kg

Чукул билдирүү: Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

18-21-март күндөрү республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2022-жылдын 17-мартынан 19-мартына чейин республиканын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүү коркунучу жогорулайт.

 

Exit mobile version