28-31-майда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө . Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
ӨКМ бул күндөрү коопсуз жайларда болууну, өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү тоолордо, жаратылышта эс алууда дарыя жээктеринен алыс болууну эскертти.