Site icon Reporter.kg

Чукул кабар! Аба-ырайы 3-мартка чейин өзгөрөт

1-марттан 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-75-чак., 89-101- чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Exit mobile version