Чукул кабар: Аба ырайы бузулуп, ашууларда кар көчкү түшөт

Чукул кабар: Аба ырайы бузулуп, ашууларда кар көчкү түшөт

Аба-ырайы бузулуп, ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-январдан 16-январга чейин аба ырайы бузулуп, жаан-чачын жаашы күтүлүүдө. Буга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 61-85 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Мындан улам өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды жолго чыгарда автоунааларды техникалык кароолордон өткөрүүнү, жолдун аталган бөлүктөрүндө  башка автоунаалардан 500 метр алыстыкта айдоо керектигин эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>