Чукул кабар: Аба ырайы бузулуп, ашууларда муз тоңот

Чукул кабар: Аба ырайы бузулуп, ашууларда муз тоңот

Аба ырайы бузулуп, ашууларда муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-майдан  3-майга  чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу  Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларда муз тоңуусу күтүлөт.

“Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-135 Чүй облусунун  Жайыл районунун , Төө-Ашуу ашуусунун -198-246 , Жалал-Абад облусунун  Токтогул районунун Ала-Бел ашуусундагы  Чычкан капчыгайынын, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 199-215,  Жалал-Абад облусунун  Чаткал районунун , Каракысмак капчыгайынын, Кара-Буура ашуусунда, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 161-179 , жана Ош облусунун  Алай районунун, Талдык ашуусунда,  Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында,  Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун, Чоң-Ашуусунда муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл”, — деп кабарлашты ӨКМдан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>