Site icon Reporter.kg

Чукул кабар: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы сааттарда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Бүгүн, 18-февраль эртең мененки саат 9:30га карата берилген маалыматка ылайык, Шашылыш билдирүү таркатылат.

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Сак болунуздар!”, — деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Exit mobile version