Жакынкы 1 саат аралыгында Бишкек, Чүйдө катуу шамал жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакынкы 1 саат аралыгында жана түндө Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, жаан жаайт. Ошондой эле батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлүүдө.
Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.