Ирандын Тегеран аэропортунда Украинанын учагы кулады. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
“Бортунда 180 жүргүнчүсү бар Boeing 737 учагы техникалык себептерден улам Имам Хомейни атындагы Тегеран эл аралык аэропортунда кулады”, — деп жазган басылма.
Азырынча жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат айтыла элек.
Айрым маалыматтарга караганда, учак Тегерандан Киевке учмакчы болгон.