Site icon Reporter.kg

Чукул кабар: Нөшөрлөп жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызстанда 13-14-август күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-14-августта өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болуп нөшөрлөп жамгыр жаашы күтүлөт. Мындан улам республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.

Exit mobile version