Бишкектин борборунда жайгашкан Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борбору саркынды сууларды шаардык канализацияга төгөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова билдирди.
Ал бул борборду шаар сыртына чыгарууну сунуштады.
«Кара тумоону (чума) аныктаган лаборатория борбордо жайгашып, шаардык канализацияга кошулган. Аны каала сыртына чыгаруу маселесин карап чыксаңыздар», — деди депутат.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев маселени карап чыгууну убадалады.
Динара Ашимованын айтымында, Кыргызстандагы лабораториялардын бири дагы вирустун бардык түрүн жана ГМОну аныктай албайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз