Чуу чыгарып үй карантинге чыккандарды Таласта мажбурлап обсервацияга жаткырышты. Бирок алар шарттарга нааразы

Чуу чыгарып үй карантинге чыккандарды Таласта мажбурлап обсервацияга жаткырышты. Бирок алар шарттарга нааразы

Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна барары менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Андагы маалыматка караганда, аларды “бийлик өкүлдөрү уруп-сабап обцервацияга” жаткырды делген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Тескерисинче, сырттан келген адамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду”, — деп жазылат штабдын маалыматында.

Эми алардан кошумча ПЧР-анализдер алынып обсервацияга дагы 5 күн жаткырылат.

Бирок Таласта абсербацияга алынган жарандар тууралуу видео интернетке тарап жатат. Анда жарандар осербацияда даараткана жана жуунучу жай жок экендигин айтып, түзүлгөн шарттарга нааразычылыгын билидиргенин көрүүгө болот. Ошондой эле алар төшөнчүлөр биттеп кеткендигин дагы айтышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>