Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамкатчысы менен визалык чектөөнү талкуулады

Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамкатчысы менен визалык чектөөнү талкуулады

Кечээ, 3-февралында Ташкент шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун, анын ичинде, кыргыз жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашкан.

Америкалык тараптын жогоруда айтылган чечими түздөн-түз Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгын козгоп жаткандыгын Айдарбеков белгилеп, биометрикалык паспорт киргизилбеген 80ден ашуун өлкө бар экендигин айткан. Визалык чектөө болсо тандалма түрдө айрым гана мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга киргизилгендигине таң калуусун билдирген. Бул парламенттик демократиянын өнүгүүсүн ишке ашырып келе жаткан Кыргызстан  үчүн өнөктөштүк колдоого жатпаганын белгилеген.

Ошондой эле өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жигердүү катышкан мамлекет экендигин баса белгилеп, терроризм менен күрөшүүдө өз салымын кошту жана учурда да кошуп жатат деп билдирген.

“Бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү жетишилди.
Тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кыргыз-америка мамилелеринин бардык комплексин өнүктүрүү маанилүүлүгүн баса белгилешти”, — деп кошумчалады министрликтен.

Эске сала кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-февралда Ташкентде «С5+1» форматында Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуу өткөргөн. Анда аймактык соода, чек ара коопсуздугу, суу-энергетика тармагында кызматташуу маселелери талкууланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>