Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши Ван И менен сүйлөштү

 Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши Ван И менен сүйлөштү

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И мырза менен кезектеги телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу 19-августта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.   

Сүйлөшүүнүн башында Айдарбеков көп сандагы адам өмүрүн алган жана олуттуу кыйроолорго алып келген Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүгүндөгү суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты.

Кийин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары жана келечектери, анын ичинде «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин тез арада жандандыруу, биргелешкен кыргыз-кытай инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн КЭРден адистердин келиши, ошондой эле кыргыз экологиялык таза айыл чарба продукциясын КЭРге экспорттоо маселелери талкууланды.

Коронавирустук инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам, КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташтык маселесинде Министр Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө КРга регулярдуу негизде олуттуу гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн кытай тарабына ыраазычылык билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>