Site icon Reporter.kg

Чыңгыз Айтматовдун уулу кызына ысым тандоого сынак уюштурду. Мыкты ат сунуштаганга белек беришет

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматовдун үй-бүлөсү дагы бир наристеге толукталат. Ал жубайы экөө жакын арада кыздуу болорун айтышып, кызына ысым тандоо үчүн сынак уюштурушкан. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Анын айтуусунда, жарым жылдан бери кызына ат тандоо үчүн сынак уюштурууну пландап келген.

«Силер сунуштаган ат бизге жакса, биз дал ошол ысымды наристебизге ыйгарабыз. Ошондой эле ыраазычылык үчүн белегибизди беребиз», — деп жазган Эльдар Айтматов.

Exit mobile version