Site icon Reporter.kg

Чыгыш автобекеттин ажатканасынан ымыркайдын сөөгү табылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекеттин  аймагындагы коомдук дааратканадан өлүү төрөлгөн түйүлдүк табылды.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.

Жеринде аныкталгандай, ал боюнан түшүп калуудан улам эрте төрөлгөн ымыркай экени аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бардык керектүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version