Site icon Reporter.kg

Чүй: Атасы 12 жашар кызын жыныстык катнашка мажбурлаган

несовершеннолетняя,

Аламүдүн райондук милиция жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 39 жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургун 12 жаштагы өгөй кызын сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинде (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо) каралган кылмыштын негизинде Аламүдүн райондук милиция иш козгоду. Материалга керектүү экспертизалар дайындалды.

Шектүү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин бирине киргизилген.

Учурда бул иштин материалдарын толук жана ар тараптуу иликтөө боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version