Site icon Reporter.kg

Чүй: Бал челектер күйүп кетти

9-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Бирлик айылында ачык аянтта 48 бал челек жана бал челек ташыган прицеп толугу менен күйүп кетти. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

Өрттү өчүрүүгө Аламүдүн райондук бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 17:48 өрт толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Exit mobile version