Site icon Reporter.kg

Чүй каналына түшүп кеткен адам изделүүдө

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 1-февралда 102 кызматынан Ысык-Ата районунун Новопокровка айылына караштуу «Волна» тилкесинде Чоң Чүй каналына 55 жаштагы В.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн 4-февралда издөө иштери улантылып, жалпы 17 куткаруучу тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version